Бишкек шаарынын мэриясынын токтому

Бишкек шаары, 2016-жылдын 25-октябры № 142

Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 88 "Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы" мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы" мекемесинин натыйжалуу иш-аракетин камсыздоо максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 88 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы" мекемесинин Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 17-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"17. Башкармалыкты күтүү шаардык бюджеттин, ошондой эле монополияга каршы органы менен макулдашылган жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген, көрсөтүлгөн акылуу кызматтардын эсебинен жана жеке жана юридикалык жактар тарабынан Башкармалыкка өткөрүлүп берилген ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.".

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы белгиленген тартипте юстиция органдарында мекемени кайрадан каттоодон өткөрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.


Бишкек шаарынын мэри


А.Ибраимов