БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 8-августу № 91

Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 21-июлундагы № 146 "Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамында баяндалган жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштурууда жана жүзөгө ашырууда коллегиялуулуктун принциптерине, эркин талкуулоого ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 21-июлундагы № 146 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын туруктуу мүчөлөрүнүн курамы бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтомду контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын
2016-жылдын 8-августундагы
№ 91 токтомуна
1-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын туруктуу мүчөлөрүнүн
КУРАМЫ

Коллегиянын төрагасы:

1. Бишкек шаарынын мэри.

Коллегиянын төрагасынын орун басары:

2. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри.

Коллегиянын катчысы:

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (добуш берүү укугусуз).

Коллегиянын мүчөлөрү:

3. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);

4. Бишкек шаарынын прокурору (макулдашуу боюнча);

5. Бишкек шаарынын шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри;

6. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри;

7. Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри;

8. Бишкек шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик маселелери боюнча вице-мэри;

9. Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;

10. КРнын МУККнын Бишкек шаары боюнча ББнын начальниги (макулдашуу боюнча);

11. ИИББнын Бишкек шаары боюнча начальниги (макулдашуу боюнча);

12. Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

 

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

 

Р.Айтымбетов