Район башчысы согуштун ардагерлери Т.Садыровду, Р.Ф.Сычевди жана Дж.Ф.Ялышевдердин үйлөрүнө барып куттуктоо менен аларга азык- түлүк баштыкчаларын жана гүл тапшырды.

Мындан тышкары, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата согуштун ардагерлерине 2000 сомдон жана азык-түлүк баштыкчалары таратылат.

Бардык акчалай төлөмдөр байланыш түйүндөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Маалымат: Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында  48 адам катталган, анын ичинен:

Улуу Ата Мекендик согуштун - 7 майыбы;

Улуу Ата Мекендик согуштун - 30 катышуучусу;

фашисттик концлагердин - 4 туткуну;

Ленинград курчоосунда болгон - 6 адам;

Улуу Ата Мекендик согушта каза

болгон жоокердин үй бүлөсү катары - 1 адам каттоодо турушат.