Жыйындын башында калаа башчсы Албек Ибраимов муниципалитеттин 2017-жылдагы аткарган иштери тууралуу айтып берип, шаардагы жолдорду куруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, социалдык тармак, турак-жай коммуналдык чарба жана коомдук транспорттун иштерине багытталган алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүнүн белгиледи.
Басма-сөз жыйынынын жүрүшүндө журналисттер мэриянын 2017-жылында аткарган иштерине байланышкан суроолорду узатып, бардык суроолорго жоопторду алышты.
Аталган жыйындын соӊунда калаа башчысы журналисттерге массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардагы көйгөйлөрдү чагылдырып, ыкчам чечүүдө жана четтеттүүдө көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.