Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктады.


Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов  шаар тургундарын жана конокторун Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктап, өнүгүү, бакубат турмуш, жана туруктуулук каалады.


Расмий бөлүктүн соӊунда кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын бардык сейил бактарында, райондорунда элдик эс алуулар, спорттук иш-чаралар жана концерттик программалар өтүүдө.


Кечинде шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа тартууланат жана иш-чара түстүү фейрверк менен жыйынтыкталат.