Капиталдык курулуш мыйзамсыз курулуп, тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жердин эсебине курулган.


Мурда аталган  дубалдардын ээлерине «Аныкталган бузууларды четтеттүү» эскертүүсү берилген. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын эскертүүсү аткарылып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.


Аталган иштер шаардын аймагына мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө, ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.