Жаманбаев көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 400 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле унаа токтотуу жайы уюштурулуп,  туурасы 2 метрден эки тарабына теӊ тротуар орнотулду. Безымянный көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 480 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына теӊ тротуарлар орнотулду.


Мындан тышкары жол белгилерин түшүрүү жана орнотуу, ирригация орнотуу иштери жүргүзүлдү.


2017-жылы жалпысынан «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 51 шаардын көчөсүн оӊдоо пландалууда.