Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2016-жылы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына капиталдык оӊдоону талап кылган көчөлөрдүн тизмесинин долбоору жиберилген. Бүгүнкү күндө негизги иштери бүткөрүлүп калды. Азыркы учурда көпүрөлөрдү тазалоо жана гидротехникалык курулмаларды орнотуу   иштери жүргүзүлүүдө. Бардык пландалган иштер үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлмөкчү.


Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн базарында жана «Табылга» соода борборунда орнотуу иштери өткөрүлүүдө. Жаандын жана толгон суунун агып чыгуусун камсыз кылуу чарба субъектилери менен биргеликте жүргүзүлүүдө жана бул үчүн долбоор иштелип чыккан. Негизги иштерди каржылоо аталган жерлерде жайгашкан соода субъектилери тарабынан жүргүзүлөт.