Зарнаевдердин үй-бүлөсүндө жети бала бар, 2015-жылы апрель айында төрт эм төрөлгөн.


2015-жылы төрт эм төрөлгөндө үй-бүлөгө 100 миң сом көлөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. 2016-жылы Тунгуч кичи районунан жалпы аянты 70 чарчы метр 2 бөлмөлүү батир берилген.
2015-жылдын 1-июнунан баштап  үй-бүлөгө жөлөк пул жана квартал сайын 8 330 сом көлөмүндө стипендия белгиленип, төлөнүп келе жатат.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы төрт эмди сүт азыктары менен камсыздоо үчүн 66 миң сомго жылдык сертификат тапшырды.