Лекцияларды Биринчи май райондук администрациясы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын  өкүлдөрү, УКМК жана райондун ИИБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурууда.


Укук бузууларды алдын алууга багытталган иш-чаралар тарбиялык иштерди күчөтүү, диний экстремизмди жана терроризмди  алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.


Биринчи лекция «Ак-Босого» жаӊы конушунун №81 орто мектебинде өттү.