Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлигинин, И.Раззаков атындагы КМТУнин профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү,  райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.


Олимпиаданын башкы максаты болуп окуучулардын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү саналат. Окуучулардын олимпиадасы 2017-жылдын 27 жана 28-февралында И.Раззаков атындагы КТУ жана №13 мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Ага калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 327 окуучу катышты.


Шаардык олимпиадада калаанын мектептеринен 95 окуучу жеңишке ээ болду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын IV этабына катышышат.