Көргөзмөгө шаар тургундары, коомдук ишмердин жээни, студенттер, окуучулар жана санаалаштарды чакырылды. Көргөзмөдө Раззаковдун жеке архивиндеги документтери, жеке буюмдары, архивдик сүрөттөрү көрсөтүлөт.


Толук маалыматты 30-00-23 телефону аркылуу билсеңиздер болот.


Маалымат: Коомдук жана саясий белгилүү ишмер Исхак Раззаков Баткен областына караштуу Лейлек районунун Коросон айылында жашаган Берк уулу Раззак жана Сайып кызы Жамийланын үй-бүлөсүндө 1910-жылдын күз айларында жарык дүйнөгө келген. Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган жубайлар уулуна Исхак деген ысым ыйгарышып, жашоонун белгисиз тагдырын моюндарына илишип эл катар жупуну турмуштарын өткөрүшкөн. 1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-67-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык маанидеги пенсияга чыккан1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайткан.