Текшерүүнүн жүрүшүндө  Сүйүнбаев көчөсү №16 дарегиндеги «Достук-16» турак жай ээлеринин шериктештигинин айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, калаанын көрктөндүрүү эрежелери жана санитардык нормалары бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Достук-16» ТЭШтин төрагасы Магомедов А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.