Текшерүүнүн жүрүшүндө Ибраимов көчөсү №4 дарегинде жайгашкан «Гараж» унаа жуучу жайы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды. Ошондой эле арыктар таштандыга толуп, 2016-2017-жылдарга таштанды чыгарууга келишим түзүлгөн эмес.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Иманкулов К.Б.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.