“Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда шаардык “Диалог” маданият үйүнүн артисттери концерт коюп, конкурс,  оюн-зооктор өткөрүлдү.  Балдар ар түрдүү конкурстарга,  оюндарга катышып, Масленицанын символу болгон блиныны тамшанып жешти.


Ошондой эле, “Диалог” жана “Радуга” ансамблдери Ленин районундагы карылардын үй-интернатына да концерт коюшту. Бул жерде да ата-апаларга майрамдык сый тамак – блины тартууланды.


Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы - Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).