«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардык бюджеттин эсебинен калаанын кварталдар аралык жана ички жолдорун оӊдоо боюнча программанын алкагында «Красный строитель» жаӊы конушунун 5 көчөсү оӊдойт. Конуштун Бельская, Нурек, Сарычелек, Бухара, Наманган көчөлөрү оӊдолот. Мындан тышкары 2016-жылы башталган Калинин көчөсү Көлбаев көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейин жана Шабдан баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы Исакеев көчөсүнөн Кийизбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оӊдоо улантылат.
Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 1-марттан баштап кытай грантына 11 көчө оӊдолот.
- Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Токомбаев көчөсү 12к/р. Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин;
- Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;
- Л. Толстой көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
- Щербаков көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Бакин көчөсүнө чейин;
- Гагарин көчөсү Тагай Бий көчөсүнөн Айбийке көчөсүнө чейин, «Ак-Ордо» конушу;
- Жамгерчинов көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.