Бир канча сааттын ичинде уруксат документтери жок муниципалдык жерге орнотулган  65 жарнама конструкциясы алынды. Алуу иштери Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, ошондой эле Жибек Жолу проспектиси Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.


Аталган жарнама ээлерине бир нече жолу мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу боюнча эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу алуу иштери өткөрүлдү.


Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.