Текшерүүнүн жүрүшүндө Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан «CarCity» унаа жуучу жайынын кызматкерлери тарабынан белгиленбеген жерге таштандылар чогултулуп, антисанитардык абалга жеткендиги жана көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Мындан тышкары текшерүүнүн жүрүшүндө Д.Сяопин көчөсүндөгү №400, 531, 541 үйлөрүнүн айланасына, тротуардын жээгине көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле Тыныстанов көчөсү №101а дарегинде жайгашкан "Флагман" ЖЧКсы, Жумабек көчөсү №9 дарегиндеги "Нурисди" ЖЧКсы, Тыналиев-Масалиев көчөлөрүндө жайгашкан "Экиз" ЖЧКсы, Токтогул көчөсү №194 дарегинде жайгашкан "Салютем" ЖЧКсы, Загорская көчөсү №30 дарегинде жайгашкан "Стальмонтаж плюс" ЖЧКсы Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузуп жаткандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан аталган бузуучулардын атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиялардын  кароосуна жиберилди.