Азыркы учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын кооптуу жээктерине мониторинг жана дайыма көзөмөл жүргүзүлүүдө. Мониторинг “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын суу чарба кызматкерлери тарабынан графикке ылайык күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле ишкананын кызматкерлери коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо жана чириген дарактарды кыркуу иштерин өткөрүүдө. Учурда Тоголок Молдо көчөсү Щербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.