Кезектеги текшерүүдө Көк-Жар көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан унаа жуучу жайынын айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, аталган жайдын кызматкерлери таштандыларды белгиленбеген жерге чогулткандыгы жана санитардык-экологиялык нормаларды бузгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан унаа жуучу жана вулканизациялоо жайынын ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон: 65-81-59.