Кабыл алууда мыйзамсыз курулуш жана соода объектилери үчүн жер тилкесин бөлүү, ирригация тутумун жакшыртуу маселелери айтылды. Шаар тургундары калаа башчысына Жаш Гвардия – Ленинград көчөлөрүндөгү сейил бакты жашылдандырууну сунушташты.


Пенсионер, шаар тургуну Владимир Петров мэрге өзүнүн «Бишкек, жоголуп бараткан Пишпек – Фрунзе - Бишкек» автордук китебин белек кылып, шаарды өнүктүрүүдө аткарып жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирди. Кезегинде Албек Ибраимов жазуучуну шаар күнүнө карата  29-апрелде өтө турган сүрөт көргөзмөгө чакырды.