Азыркы учурда кир жуучу каражаттарын коюу үчүн текчелер, кийим илгичтер  орнотулуп, алмаштырууну талап кылган нерселер жаӊыга алмаштырылды. Жакынкы күндөрү компания душ кабиналарында суунун бир жерге топтолуп калбай агып кетүүсүн оӊдошот.


ЖМКда бассейндеги суу нормаларга жооп бербейт деген маалыматтар чыккан. Стандарт боюнча суунун температурасы 25-29 °С болуусу керек. Эгерде суунун температурасы берилген нормадан жогоруласа, эки саат тынымсыз машыккан спортчулар көтөрө алышпай калат. Кан басымы көтөрүлүп, ооруп калуулары мүмкүн.


«Дельфин» адистештирилген балдар олимпиадалык резервдик спорттук мектеби жана Бишкек шаарынын мэриясы бассейнге келген шаар тургундарын муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга, бүлдүрбөөгө, шкафтын ачкычтарын убагында тапшырууга чакырат.