№09-ок буйругуна 2017-жылдын 11-январында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кол койду.
Нарынкүл Эшенкулова 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын 10-январына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын социалдык бөлүмүндө иштеп келген. Социалдык бөлүмдүн башчысынын милдетин убактылуу Давлетбаев Айбек Сулайманович аткарат. Айбек Давлетбаев Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келген.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Абылаев Замирбек Адылович шаардык стоматологиялык бейтапканларынын бирин жетектейт.