БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2016-жылдын 8-августу № 92
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу шахмат боюнча балдардын-уландардын спорт мектебин түзүү жөнүндө
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
Шахматты өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия менен туруктуу машыгууга жана сергек жашоо үлгүсүндө жүрүүгө тартуу, таланттуу балдарды жана өспүрүмдөрдү аныктоо максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу шахмат боюнча балдардын-уландардын спорт мектеби (мындан ары - шахмат боюнча БУСМ) түзүлсүн.
2. Шахмат боюнча балдардын-уландардын спорт мектебинин жобосу, штаттык расписаниеси жана чыгашалар сметасы бекитилсин (1-3-тиркемелер).
3. Шахмат боюнча БУСМ бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында каттоодон өтсүн.
4. Жекеме-жеке спорт боюнча Олимпиадалык резервдин балдардын-уландардын адистештирилген спорт мектеби (Т.А.Беккулов) шахмат боюнча бөлүмдү Шахмат боюнча БУСМге өткөрүп берсин жана штаттык расписаниесин бул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бишкек шаардык каржы башкармалыгы (Г.К.Иманбаева) Жекеме-жеке спорт боюнча БУАСМге 2016-жылга карата Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына каралган каражаттардын чегинде шахмат боюнча БУСМнин чыгашалар сметасына ылайык акча каражат менен камсыз кылсын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.
6. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы (Р.К.Макенов), Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы (М.К.Букеев) Бишкек шаары, Трудовая көчөсү, 1 дарегиндеги "Диалог" МҮнүн имаратындагы жалпы аянты 72 чарчы метр жайды шахмат боюнча БУСМге бөлүп берсин.
6-1. Бул токтомдо (чечимде) көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо биринчи вице-мэр Э.З.Зарлыковго жана вице-мэр А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.
Бишкек шаарынын Мэри |
|
А.Ибраимов |
|
|
Бишкек шаарынын Мэриясынын |
2016-жылдын 1-сентябрынан тартып Шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин
ШТАТТЫК САНЫ
(сом менен) |
|||||||||||
№ |
Кызмат орундарынын аталыштары |
Штаттык бирдиктердин саны |
Кызмат акысы |
Айлык кызмат акысы |
1,35 коэфф. |
Иштеген жылдары үчүн үстөк акы |
Категория |
Зыяндуулук 25% |
Жергиликтүү бюджеттен кошумча төлөмдөр |
Айлык ЭАФ |
2016-жылдын 1-сентябрынан баштап ЭАФ (4 ай) |
1 |
Директор |
1,00 |
6000 |
6000 |
|
1200 |
|
|
1000 |
8200 |
32800 |
2 |
Директордун орун басары |
1,00 |
4800 |
4800 |
|
960 |
|
|
1000 |
6760 |
27040 |
3 |
Методист |
1,00 |
4000 |
4000 |
|
800 |
|
|
1000 |
5800 |
23200 |
5 |
Башкы бухгалтер |
1,00 |
4500 |
4500 |
|
900 |
|
|
1000 |
6400 |
25600 |
6 |
Врач |
1,00 |
5000 |
5000 |
|
1000 |
500 |
|
1000 |
7500 |
30000 |
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ АБП |
5,00 |
24300 |
24300 |
0 |
4860 |
500 |
0 |
5000 |
34660 |
138640 |
1 |
Чарба бөлүмүнүн башчысы |
1,00 |
3800 |
3800 |
5130 |
|
|
|
1000 |
9930 |
39720 |
2 |
Кассир |
1,00 |
3000 |
3000 |
4050 |
|
|
|
1000 |
8050 |
32200 |
3 |
Бөлмөлөрдү тазалоочу |
1,00 |
2500 |
2500 |
3375 |
|
|
625 |
1000 |
7500 |
30000 |
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ ТТП, КТП |
3,00 |
9300 |
9300 |
12555 |
0 |
0 |
625 |
3000 |
25480 |
101920 |
|
БАРДЫГЫ |
8,00 |
33600 |
|
12555 |
4860 |
500 |
625 |
8000 |
60140 |
240560 |
1 |
Машыктыруучу-окутуучу курам |
7,42 |
5600 |
41552 |
|
4155,2 |
|
|
15000 |
60707,2 |
242828,8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
маяна |
483388,80 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
соц. фонд |
83384,57 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
бардыгы |
566773,37 |
Вице-мэр |
|
А.Рыскулова |
|
|
Бишкек шаарынын Мэриясынын |
2016-жылдын 1-сентябрынан тартып Шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин чыгашалар
СМЕТАСЫ
(миң сом) |
||
Чыгашалардын аталышы |
Чыгашалардын беренелери |
4-квартал |
Эмгек акы |
2111 |
483,4 |
Социалдык фондго төгүмдөр |
2121 |
83,4 |
Байланыш кызматы |
2212 |
1,2 |
Телефондук жана факсимилдик байланыш кызматы |
2212/2100 |
1,2 |
Башка тейлөө кызматтарын алууга |
2215 |
50,0 |
Башка кызматтардын төлөмү менен байланышкан башка чыгашалар |
2215/4900 |
50,0 |
Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу |
2222 |
4,0 |
Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алуулар |
2222/1200 |
4,0 |
Машиналар жана жабдуулар |
3112 |
35,0 |
Эмерек сатып алуу |
3112/3210 |
20,0 |
Компьютердик жабдууларды сатып алуу |
3112/3230 |
15,0 |
Бардык чыгашалар |
|
657,0 |
Вице-мэр |
|
А.Рыскулова |