Учурда оӊдоо иштери аба-ырайынын суукташына байланыштуу токтотулду. Жаздын башталышы менен оӊдоо иштери улантылып, май айынын аягына чейин бүткөрүлөт.


Москва, Киев, Фрунзе көчөлөрүнүн, Чүй, Жибек Жолу проспектилеринин, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Панфилов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульвары, Тоголок Молдо, Орозбеков көчөлөрүнүн жээктеринде жайгашкан тротуарлар оӊдолот.


Оӊдоо иштерине шаардык бюджеттен 50 миллион сом коротулат.