КР «Шаардын статусу жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңыдан шайланган Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы башталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде өткөрүлдү. Шайлоо Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүү түрүндө өттү.
Шайлоонун жыйынтыгында 29 добуш менен Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.