Дарыгерлер бишкектиктердин медициналык тез жардам кызматына, үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна  жана республикалык клиникалык  жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуулары азайып баштагандыгын белгилешүүдө.


Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан күн сайын калаанынын мектептеринде жана бала бакчалардында балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Дарыгерлер сасык тумоону алдын алууну жана көп эл чогулган жерлерге барбоону сунуштайт.