Окуя болгон жерге "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык  ишканасынын жана Санитардык-экологиялык инспекциянын адистери барып, кызыл карагайлар кол араа менен кыйылганын аныкташты.


Санитардык-экологиялык инспекция Мамлекеттик экотехинспекция менен биргеликте акт түзүп, шаардын сырткы көрүнүшүн бузган жарандардын өздүгүн аныктоо  үчүн Свердлов РИИБине кайрылышты.