Азыркы учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында «Ала-Арча» суусу Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин жана «Аламүдүн» дарыясындагы кооптуу жээктерине мониторинг жүргүзүлүп, дайыма көзөмөл жүргүзүү уюштурулду. Мониторинг графикке ылайык күнү-түнү «Жашылдандыруу курулуш» ишканасынын суу чарба кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.


Мындан тышкары,  ишкананын кызматкерлери тарабынан коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери өткөрүлүүдө. Учурда «Көлмө» жаӊы конушунун Мидин көчөсүнөн «Баят» базарына чейинки бөлүгүндөгү түйүндөрдү тазалашууда.