Майрамга 1000 ден ашык калаанын окуучулары жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаш карек» долбоору боюнча Нарын облусунун Кочкор районунан келген балдар катышты.
Балдар үчүн «Таберик» театрынын артисттери тарабынан «Аяз атанын фабрикасы» аталышта жаӊы жылдык жомок тартууланып, балдарга таттуу белектер берилди.
Бул жылы мэрдин жаӊы жылдык балатысына 4 млн.сом каражат бөлүндү.