Балатыга 700 бала чакырылды. Свердлов районунун кичинекей тургундарын Жаӊы жыл менен Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди жана кыялдардын орундалышын каалады.
Райондун кичинекей тургундарына жомок каармандарынын жана куурчактардын катышуусунда көрсөтүү тартууланып, таттуу белектер тапшырылды.