Мелдешке жалпысынан 4 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгында «Алмата» (Казакстан) командасы Бишкек шаарынын адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин спорттук оюндар командасы менен финалгы чыгып, 3:0 эсебинде жеӊишке ээ болушту.
Үчүнчү орунду Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун командасы жана төртүнчү орунду Нарын облусунун Ат-Башы районунун командасы алды.
Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын вице-президенти Жеӊиш Кызалаков жана башкы катчысы Кылыч Сарыбагышев катышты.
Жеӊүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын диплом, медаль, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышат.
Аталган спорттук иш-чара шаардык спорт комитети тарабынан уюштурулду.