21 темир түркүгү менен трос унаа токтотуучу жайга тиешелүү документтерисиз орнотулгандыгы аныкталды. Көп кабаттуу үйдө жашагандардын арасынан тосмону орноткон кишини табуу мүмкүн болгон жок.


Текшерүүнүн жыйынтыгында тосмону алып салуу чечими чыгарылды. Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы №5 МАБ менен биргеликте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жардамы менен 14-декабрда К.Акиев көчөсүнүн жээгендеги 21 темир түркүк менен орнотулган тросторду алышты.