Жыйында Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  2016-2017-жж. Эпидемиологиялык мезгилдеги сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясынын абалы боюнча маалыматы угузулду. Борбордун билдирүүсү боюнча сасык тумоо күч алган. 14 жашка чейинки ооруган өспүрүмдөр 66,8%, анын ичинде 4 жашка чейинкилер – 41,3% жана 5 жаштан 14 жашка чейин -25,5 % ды түзөт. Учурда балдардын сабактарга катышуусу кескин төмөндөдү.


Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитети 2016-жылдын 5-декабрынан 12-декабрына чейин калаанын мектептеринде окуу процессин токтотуу чечимин кабыл алды. Ал эми бала бакчаларга балдардын келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.