Бул жумада борбор тарабынан калаанын бардык райондорунан 34 мектеп текшерилген. №№ 6, 12, 22, 28, 40, 57, 79, 61, 66 мектептеринде 30 пайыздан ашык окуучу сасык тумоо менен ооруганына байланыштуу сабактарга катышпай жатышат. Буга байланыштуу бүгүндөн баштап дүйшөмбүгө чейин окуу процессин 5 күнгө токтотуу токтому чыгарылды. Медиктер башка жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын сабактарга келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүдө.
Калган мектептер боюнча чечим Бишкек шаарынын мэриясынын координациялык комитетинин жыйынынан кийин кабыл алынат.