Жолугушуулар 24-26-ноябрь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында, 1-декабрдан 3-декабрга чейин Таджикистанда өткөрүлөт. Жолугушуулар балдардын эмгеги боюнча белгиленген эл аралык нормаларга ылайык, тийиштүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жол-жобосун жакшыртуу максатында эксперттик баалоо форматында өткөрүлүүдө.
Тажрыйба алмашуунун алкагында аталган багыттагы өткөрүлгөн иштер тууралуу презентация көрсөтүлүп, «2017-2027-жж. Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо боюнча» комплекстүү планга сунуштар айтылды.