Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков куттуктап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:
- Осоркулов Алмазбек Жамшитбекович – Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- Ашымбеков Урматбек Ашымбекович – Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- Токтосунов Азат Калкбердиевич – Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- Абдылдаева Жылдыз Мыктыбековна – Бишкек шаарынын прокуратурасынын мыйзамдарды аткаруу үчүн көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн прокурору.
Ыраазычылык баракчасы Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Акымбеков Мирлан Кубанычбековичке ыйгарылды.