Жеке кабыл алууда шаар тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу, Чыгыш-5 кичи районундагы мыйзамсыз курулуштар, соода объектиси үчүн жер тилкесин бөлүү, ошондой эле үч жаштагы баланын операциясына материалдык жардам көрсөтүү маселелери айтылды.
Бардык маселелер боюнча калаа башчысы Албек Ибраимов тиешелүү кызматтарга көйгөйлөрдү тез арада карап чыгып, чечүүнү тапшырды.