Иш-чара коомду жол кыймылынын коопсуздук көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу, жол кырсыгын азайтуу, укук бузууларга каршы чара көрүү максатында уюштурулду.
Айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Айдоочу, баланын катышуусундагы жол кырсыгы – үйбүлө үчүн трагедия экенин унутпа», «Балдар жолдо. Милициянын кеңеши» аталыштагы маалымат кагаздары таратылды.
Акцияга №1 мектеп-интернатынын Жол кыймылынын жаш инспекторлору командасы катышты.