«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин улантууда. Иштер 2026-жылдын 10-мартына караган түнү башталган.

Жолдордо төмөнкү техникалар ишке тартылды:
МАЗ кум-туз чачуучу унаа — 32 даана;
Shacman кум-туз чачуучу унаа — 10 даана;
фронталдык жүктөгүч — 1 даана;
экскаватор — 1 даана;
«Беларусь» тракторлору — 32 даана;
универсалдуу коммуналдык машиналар (УКМ) — 5 даана.

Мындан тышкары, иштерге 20 жол жумушчусу жана 1000ден ашуун санитардык тазалоо кызматкери тартылган.

Жолдордо муз пайда болуусунун алдын алуу максатында иштер башталгандан бери 581 тонна техникалык туз колдонулду.

Белгилей кетсек, кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштери улантылууда.