2026-жылдын 4–7-март күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасында жаа атуу боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышты.

Шахмат боюнча БӨСМдүн тарбиялануучусу Молдалиева Каима 18 жашка чейинки кыздар арасында жеке эсепте коло медалга ээ болду. Мындан тышкары, ал спорт чеберине талапкер (СЧТ) наамын алуу үчүн ченемдик талаптарды аткарды.