2026-жылдын 11–12-апрель күндөрү Константиновка айылында балык уулоо спорту боюнча «донка менен кармоо» (фидер) дисциплинасы боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогу өткөрүлөт.

Мелдешке 2009–2016-жылы туулган өспүрүмдөр (уландар жана кыздар), ошондой эле 18 жаштан жогорку эркектер жана аялдар – Бишкек шаарында жана анын айланасында жашаган балык уулоону сүйүүчүлөр катыша алышат.
Мелдеш эки этапта өтөт:
•биринчи күнү 18 жашка чейинки уландар жана кыздар күч сынашат;
•экинчи күнү 18 жаштан жогорку чоңдор (эркектер жана аялдар) мелдешке чыгышат.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, дипломдор, кубоктор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Катышууга арыздар 2026-жылдын 4-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Сухэ-Батор көчөсү, 19, 2-13-кабинет.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине  кайрылсаңыздар болот:
WhatsApp: +996 558 707 807
Электрондук почта: frs.kgz@gmail.com

Мелдештин жобосу жана видеокөрсөтмө эрежелери менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышууга болот:
https://bit.ly/46595TR
https://youtu.be/U4IMvhCKosA