2026-жылдын 10-мартында "Сейтек" балдар жана жаштар улуттук борборунда "Жаштар экстремизмге каршы" форуму өттү. Форум жаштар арасында экстремизмдин алдын алууга жана жаш муунда күчтүү жарандык позицияны калыптандырууга багытталган.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, укук коргоо түзүмдөрү, дин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана борбор калаадагы мектептердин окуучулары катышышты.
Өз сөзүндө мэрдин орун басары жаштар арасында экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алууда мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана коомчулуктун биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал коопсуз жана туруктуу социалдык чөйрөнү түзүүдө тарбиянын, билим берүүнүн жана патриоттук баалуулуктардын ролу чоң экенин баса белгиледи.
Форумдун алкагында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, дин ишмерлери жана депутаттар баяндама жасашты. Экстремизмге каршы аракеттерге арналган тематикалык видеороликтер көрсөтүлүп, окуучулар тарабынан театрлаштырылган спектакль жана чыгармачылык номерлер тартууланды.
Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, толеранттуулукту калыптандырууга жана коомдогу улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.




