"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектеги чуңкурларды оңдоо иштерин күчөттү.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишкананын адистери жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүнү камсыз кылуу максатында жол бетиндеги чуңкурларды  жоюуну ишке ашырышууда.

Чуңкурларды оңдоо иштери шаардын жол тармагынын ар кайсы бөлүктөрүндө этап-этабы менен жүргүзүлүп жатат жана график боюнча улантылат.