Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ушул дем алыш күндөрү ачылат.
Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт.
Белгилеп кетсек, транспорт кыймылы түндүк тарабында уюштурулат, ал эми түштүк тарабынын ачылышы март айынын аягына пландалууда.
Тиешелүү кызматтар учурда реконструкцияны аяктоо боюнча иштерди улантууда.