Эртең, 2026-жылдын 10-мартында түштөн кийин, Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет.
Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгон. Жаңылоо иштеринин натыйжасында көпүрө кеңейтилип, учурда анын туурасы 13 метрди түзөт.
Аба ырайынын начарлап жаткандыгына байланыштуу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу максатында көпүрөнүн бир тарабы ачылып, транспорт кыймылы уюштурулат. Ал эми көпүрөнүн экинчи тарабын март айынын аягында ачуу пландалууда.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан реконструкциялоо иштеринин калган бөлүгүн толук аяктоо боюнча иштер улантылууда.