8-март күнү №62 мектептин базасында Бишкек шаарынын 2014–2015-жылы туулган балдары жана өспүрүмдөрү арасында жашаган жери боюнча өткөрүлүүчү жазгы спартакиаданын шаардык этабынын салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.

Өз сөзүндө ал мындай комплекстүү мелдештерди өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муунду спорт менен машыгууга тартууга, айрыкча каникул учурунда бош убактысын туура пайдалууга шарт түзөрүн айтты. Ошондой эле бул мелдештер теңтуштардын ортосунда баарлашууну күчөтүп, жаңы достуктардын жаралышына өбөлгө болорун белгиледи. Мындан тышкары, ал Бишкек шаарынын мэриясы спортту өнүктүрүүгө жана шаардагы спорттук инфраструктураны колдоого өзгөчө көңүл буруп келерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, мелдештер 8-марттан 13-мартка чейин спорттун жети түрү боюнча өтөт: кичи-футбол, пионербол, балдар жеңил атлетикасы, дартс, аркан тартыш, шахмат жана улуттук оюн үч тапан (чүкө).

Мелдешке райондук этапта биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар катышууда. Жалпы катышуучулардын саны 424 баланы түздү.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери уюштуруучу - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан медалдар жана дипломдор менен сыйланышат.