2026-жылдын 12-мартында саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Достоевский көчөсү - Анкара көчөсү - Ауэзов көчөсү – темир жол. Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштары.
«Контррезервуар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу суу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Урматтуу шаар тургундары! «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып туруңуз.
