2026-жылдын 2–7-март күндөрү Бишкек шаарынын райондорунда 2014–2015-жылы туулган мектеп окуучуларынын арасында жазгы спартакиаданын райондук этабы өткөрүлдү. Мелдештер борбор калаанын Свердлов, Ленин, Октябрь жана Биринчи Май райондорунда уюштурулду.

Жазгы спартакиаданын негизги максаты — каникул учурунда балдарды пайдалуу жана активдүү иш-чараларга тартуу, спортко кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле ар башка мектептерден келген окуучулардын ортосунда позитивдүү баарлашууга, жаңы таанышууга жана достук мамилелердин калыптанышына шарт түзүү болуп саналат.

Спартакиаданын программасына спорттун жети түрү кирди: кичи-футбол, пионербол, балдар жеңил атлетикасы, дартс, шахмат, аркан тартыш жана «Үч тапан» (чүкө) улуттук оюну.

Райондук этаптагы мелдештерге муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) командалары катышты. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын  (АТР) алкагында Бишкек шаарынын курамына кошулган жаңы конуштардын командалары да катышышты.

Спартакиадага катышкан окуучулардын саны райондор боюнча төмөнкүчө болду: Свердлов районунда - 442 окуучу, Октябрь районунда - 420 окуучу, Биринчи Май районунда - 406 окуучу жана Ленин районунда - 450 окуучу. Жалпысынан мелдештерге 1718 окуучу катышты.

Райондук этаптын жыйынтыгында биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар жазгы спартакиаданын экинчи этабы - шаардык финалга катышууга жолдомо алышат.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышат.

Спартакиаданы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.