2026-жылдын 2–4-март күндөрү Бишкек шаарындагы «Диалог» шаардык маданият үйүндө Бишкек шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин шахмат боюнча биринчилиги болуп өттү.

Интеллектуалдык мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки 128 окуучу катышты. Алардын ичинен 89у - балдар, 39у - кыздар. Жалпысынан 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки категорияларда 13 комплект медаль ойнотулду.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Шахмат боюнча БӨСМ менен биргеликте уюштурду.

Оюндар Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) эрежелерине ылайык өткөрүлүп, Swiss-Manager программасы колдонулду. Убакыт көзөмөлү — 60 мүнөт + ар бир жүрүшкө 5 секунд. Катышуучулардын санына жараша швейцариялык система (9 тур) же айлампа системасы колдонулду.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

6 жашка чейинки балдар:
1-орун — Алтымышов Алинур;
2-орун — Султаналиев Асман;
3-орун — Насреддинов Рамазан.

6 жашка чейинки кыздар:
1-орун — Исаева Керемет;
2-орун — Нурланова Курманжан.

8 жашка чейинки балдар:
1-орун — Эсенкабылов Исхак;
2-орун — Алимбеков Оомат;
3-орун — Насреддинов Аннас.

8 жашка чейинки кыздар:
1-орун — Федюк Амелия;
2-орун — Джаныбекова Аделина;
3-орун — Бакирова Анна.

10 жашка чейинки балдар:
1-орун — Маратов Дастан;
2-орун — Атабеков Алихан;
3-орун — Зарылдыков Абай.

10 жашка чейинки кыздар:
1-орун — Шералиева Амина;
2-орун — Жылдызбек Айша;
3-орун — Таштева Айша.

12 жашка чейинки балдар:
1-орун — Бектуров Атай;
2-орун — Ырысов Тимур;
3-орун — Нурбеков Али Нур.

12 жашка чейинки кыздар:
1-орун — Полиак Маргарита;
2-орун — Бактыбек кызы Алика;
3-орун — Турусбекова Алиман.

14 жашка чейинки балдар:
1-орун — Исков Амин;
2-орун — Токтобеков Шабдан;
3-орун — Азыранкулов Актилек.

14 жашка чейинки кыздар:
1-орун — Сагынбекова Жибек;
2-орун — Рахманбердиева Бегайым;
3-орун — Сагындыкова Айымбийке.

16 жашка чейинки өспүрүмдөр:
1-орун — Момуналиев Руслан;
2-орун — Арзыматов Дастан;
3-орун — Нуров Байзак.

16 жашка чейинки кыздар:
1-орун — Сездбекова Айжан;
2-орун — Мансурова Каныкей;
3-орун — Токторалиева Жибек.

18 жашка чейинки өспүрүмдөр:
1-орун — Султангазиев Амир;
2-орун — Турксой Жанполат;
3-орун — Жаныбеков Элхан.